Инструкция по эксплуатации АТЛАНТ МХ 5810
Страница 45
45
KYR
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
8 мУЗДАТКЫЧТЫН ИШИНДЕГИ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР
8.1 Эгер муздаткычтын же ТК жаңы эле жабылган эшигин
ача албай калсаңар, анда муздаткычтын ичиндеги басым сырт-
кы менен теңелмейинче 1-3 минута күтүп турап, анан ачуу керек.
8.2 Муздаткычтын иши шуулдоо менен коштолуп турат, ал
функционалдык мүнөзгө ээ жана кандайдыр бир дефект менен
байланышкан эмес.
Муздаткычтын арткы деңгээлиндеги температтураны кармап
туруу үчүн компрессор маал-маалы менен өчүрүлүп, күйгүзүлүп
турат. Бул учурда пайда болгон үн муздаткычта жумушчу темпе-
ратура пайда болгондо автоматтык түрдө азайат.
Муздаткычтын айрым үлгүлөрүндө компресоорду күйгүзгөндө
(өчүргөндө) чык эткен үн угулат – температуранын датчик-релеси
иштейт.
Шуулдоо үндөрү муздатуучу тутумдун түтүктөрү боюнча хла-
дагенттин айланышын коштоп турат, ал эми чыртылдоолор мате-
риалдардын температуралык кеңейүүсүнө байланышкан.
Билинеер билинбес гүүлдөк No Frost тутумундагы муздат-
кычтардын желдеткичинини иши менен байланышкан.
8.3 Муздаткычты колдонуу процессинде кошумча үндөрдүн
булактары пайда болушу мүмкүн.
Шуулдактын күчөшү муздаткычта жайгаштырылган жыйын-
дылардын (айнек-текче, идиштер ж.б.) туура эмес орнотуудан же
муздаткычта жайгаштырылган идиштердин тийишүүсүнөн келип
чыгышы мүмкүн. Муздаткычты кайра коюу же идиштерди тийгиз-
бей коюу менен үнүн акырындатса болот.
Шуулдактын булагы болуп муздаткычтын элементтери болу-
шу мүмкүн (конденсатор, түтүктөр, зымдар), эгер ташуудан (жыл-
дыруудан же жыйнагандан кийин туура эмес орнотуудан) кийин
алар бири-бирине тийишип калса. Муздаткычтын элементтери-
нин абалын жөнгө салып же аларды туура орнотуу менен, муз-
даткычтын ишиндеги кошумча үндү жоготсо болот.
8.4 Конденсат пайда болбошу үчүн, төмөнкү МКнын эшиги-
нин периметри боюнча холодильниктин шкафы же жогорку МК
холодильниктин туурасынан кеткен аймагы ысып чыгат (тирке-
мени караңыз).
Жылуу температурасы айлана чөйрөнүн температурасынан,
ТК сакталган азыктардын санынан, о.э. конденсаттын булганы-
шынан көз каранды. Муздаткычтын иш процессинде температу-
ранын жылып кетиши бузулгандык болуп саналбайт.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Жылына бир жолудан аз эмес муз-
даткычтын арткы дубалын жана конденсаторун 9-сүрөткө
ылайык чаң соргуч менен тазалап туруу керек, аны үчүн
алдын ала дубалдан жылдырып алуу керек. Конденса-
тордо чаңдын пайда болушу элект кубатынын чыгымы-
на алып келет.
8.5 Электр түйүнүндөгү чыңалуунун перепад учурунда муз-
даткыч убакыт боюнча мүмкүн болгон жумушчу чыңалуусунун ка-
лыбына келтирилгенден кийинки ишине кошулат.
8.6 Муздаткычта жылуулуктан бөлүп туруучу пенополиуретан
материалы пайдаланылат, ал отуруп калышы мүмкүн. Пенопо-
лиуретандын отурушуна байланышкан муздаткычтын үстүңкү бе-
тиндеги тең эместиктердин пайда болушу муздаткычтын ишине
таасирин тийгизбейт жана жылуулуктан бөлүүнү начарлатпайт.
9 С А К Т О О Ж А Н А ТА Ш У У Э Р Е Ж Е Л Е Р И
9.1 Таңгакталган муздаткыч 80% көп эмес салыштырма ным-
дуулукта табигый желдетүүсү бар жабык имараттарда сакталы-
шы керек.
9.2 Эгер муздаткыч узак убакытка пайдаланылбай турса, аны
электр түйүнүнөн ажыратып, бардык азыктарды алып чыгып, эри-
тип, камераларды жыйноо керек. Жыйнагандан кийин муздаткыч-
та жыт пайда болбошу үчүн эшигин ачып коюу керек.
9.3 Муздаткычты жумушчу абалында (тик) жабык транспорт-
тун бардык түрүндө, бекем бекитип туруп ташуу керек.
Муздаткычты жүктөө-түшүрүү иштеринде сокку басымына
дуушар кылуудан качуу керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! муздаткычты сындырып албоо
үчүн маскасынан,эшигинен, кармагычынан, кооздоочу щит-
тен алып жылдырбагыла.
1 0 м Ү м К Ү Н Б О Л Г О Н Б У З У Л У У Л А Р Ж А Н А
А Л А РД Ы Ч Е Т Т Е Т Ү Ү Ы К м А Л А Р Ы
10.1 Керектөөчү тарабынан четтетиле турган бузулуулар 3-та-
блицада көргөзүлгөн. Эгер өз алдынча бузулууну оңдой албаса,
анда тейлөө кызматынын механигин чакыруу керек.
10.2 Тейлөө кызматына кайрылган учурда муздаткычтын
үлгүсүн жана заводдук номерин көргөзүү керек.
11 Ж А Р Ы К ТА Н Д Ы Р У У Ч Ы РА Г Ы Н
А Л м А Ш Т Ы Р У У
11.1 Чыракты алмаштыруу үчүн жарык берүү конструкция-
сын эске алуу менен, зарыл:
— муздаткычты электр түйүнүнөн, кубаттануу зымынын сай-
гычын розеткадан чыгаруу менен ажыратуу;
— 10 сүрөткө ылайык плафонду жебенин багытында алуу;
— 11 сүрөткө ылайык винтти алып, жебенин багытында пла-
фонду алмаштыруу керек;
— 15 Вт көп эмес кубаттуулуктагы чыракты алмаштыруу;
— плафонду орнотуп винтти айландыруу (бар болсо).
1 2 У Т И Л Д Е Ш Т И Р Ү Ү
12.1 Муздаткычты таңгактоо үчүн колдонулган материалдар
эгер экинчи сырье пункттарына келип түшсө, толугу менен кайра
иштелип чыгып, кайра колдонулса болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Балдарга та ңгактоочу материал-
дар менен ойноого уруксат бербегиле. Анткени картон ку-
тусуна камалып калып же таңгактоочу жылтыракка чырма-
лып, тумчугуп калышы мүмкүн.
12.2 Утилештирүүгө тийиш болгон муздаткычты жараксыз
абалга алып келүү керек, анын кубаттануу зымын кесип жана
өлкөнүн мыйзамдарына ылайык утилештирүү керек.
12.3 Муздатуучу тутумдагы R600а хладагенти адис тарабы-
нан утилдештирилиши керек. Өтө кылдат болуп, муздатуучу ту-
тумдун түтүктөрү утилдешкенге чейин бузук эмес болушун ка-
роо керек.
1 3 К Е П И Л Д И К м И Л Д Е Т Т Е Н м Е Л Е Р Ж А Н А
Т Е Х Н И К А Л Ы К Т Е Й Л Ө Ө
13.1 Муздаткычты колдонуунун кепилдик мөөнөтү жеткирүү
жыйынына кирген кепилидк картасында көргөзүлгөн.
Колдонуунун кепилдик мөөнөтү сатуу күнүнөн баштап, ал
эми сатуу күнү туурасындагы белги жок болсо – буюмдун завод-
9-сүрөт
конденсатор
10-сүрөт
11-сүрөт
плафон
винт
плафон
- МХМ 2808 МХМ 2835 МХМ 2826 МХМ 2819 МХ 2822 МХ 2823 МХМ 1845 МХМ 1848 МХМ 1843 МХМ 1847 МХМ 1842 ХМ 4012 ХМ 6001 ХМ 6002 ХМ 6019 ХМ 6020 ХМ 6021 ХМ 6023 ХМ 6024 ХМ 6025 ХМ 6026 ХМ 4011 ХМ 4008 ХМ 4010 ХМ 4013 ХМ 4009 ХМ 5013 ХМ 5010 ХМ 5012 ХМ 5014 ХМ 6224 ХМ 5015 ХМ 4112 ХМ 4109 ХМ 6221 ХМ 4092 ХМ 5091 ХМ 4108 ХМ 6094 ХМ 4098 ХМ 6095 ХМ 6124 ХМ 5094 ХМ 5096 ХМ 6091 ХМ 6096 ХМ 4214 ХМ 6325 ХМ 6323 ХМ 4725 ХМ 6319 ХМ 6321 ХМ 4721 ХМ 4723 ХМ 6324 ХМ 4712 ХМ 4724 ХМ 4021 ХМ 4023 ХМ 4024 ХМ 4025 ХМ 4026 ХМ 4421 N ХМ 4521 N ХМ 4425 N ХМ 4521 ND ХМ 4208 ХМ 4209 ХМ 4210 ХМ 4423 N ХМ 5124 F ХМ 4524 N ХМ 4524 ND ХМ 4726 ХМ 3101 ХМ 4424 N ХМ 4426 N ХМ 4713 ХМ 4711 ХМ 4710 ХМ 4709 ХМ 4708