Сактык жана сунуштар, Коопсуздукка карата жалпы талаптар, Утилизациялоо – Инструкция по эксплуатации Hotpoint Ariston VMF 702 B

Страница 45: Сактоо жана ташуу шарттары

Advertising
background image

45

KGZ

Сактык жана сунуштар

! Кир жуугуч машина коопсуздук боюнча эл аралык

нормативдерге ылайык долбоорлонгон жана даярдалган.

Сиздин коопсуздугуңуз максатында түзүлгөн ушул

эскертүүлөрдү көңүл коюп окуу керек.

Коопсуздукка карата жалпы талаптар

• Машинаны пайдалангандан кийин аны сөзсүз өзгөрмө

токтун тармагынан өчүрүңүз жана суу түтүк кранын

жабыңыз.

• Бул буюм үйдө пайдалануу үчүн гана арналган.

• Кир жуугуч машина дене бойлук, сенсордук, акыл-эс

жөндөмдүүлүктөрү төмөн адамдардын (балдардын) же

аларда жашоо тажрыйбасы же билими жок болгондо,

эгерде алар алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адам

тарабынан көзөмөл астында болбосо же приборду

пайдалануу жөнүндө нускама албаса, алардын

пайдалануусу үчүн уруксат бербеңиз. Балдардын машина

менен ойноосуна жол бербеңиз.

• Буюмга нымдуу кол менен, жылаңайлак же нымдуу бут

менен тийбеңиз.

• Буюмду электр розеткасынан ажыратуу үчүн тармактык

кабелден тартпаңыз, айрыны кол менен кармаңыз.

•Кир жуу процессинде порошокту бөлүштүргүчтү

ачпаңыз.

• Төгүлүүчү суу менен байланышуудан алыс болуңуз,

анткени ал абдан ысык болушу мүмкүн.

• Люкту күч менен ачууга таптакыр тыюу салынат:

бул машинанын капыстан ачуудан коргоочу, коргоо

механизминин бузулушуна алып келиши мүмкүн.

• Бузук учурда буюмду өз алдынча оңдоо максатында анын

ички механизмдерин ачууга тыюу салынат.

• Балдардын иштеп жаткан кир жуугуч машинага

тийүүсүнө жол бербеңиз.

• Кир жуу процессинде кир жуугуч машинанын люгу

ысып кетиши мүмкүн.

• Кир жуугуч машинаны жылдыруу зарыл болгондо, бул

операцияны эки же үч адам абдан этият менен аткарышы

керек. Эч качан машинаны жалгыз жылдырбаңыз, анткени

машина өтө оор.

• Кир жуугуч машинага кир жүктөө алдында, барабан бош

экенин текшериңиз.

•Кир жуугуч машина дене бойлук, сезимдик же акыл-эс

жөндөмдүүлүктөрү төмөн адамдардын (балдардын) же

аларда жашоо тажрыйбасы же билими жок болгондо,

эгерде алар алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адам

тарабынан көзөмөл астында болбосо же приборду

пайдалануу жөнүндө нускама албаса, алардын

пайдалануусу үчүн арналган эмес. Балдардын кир жуугуч

машина менен ойноосуна жол бербөө үчүн алар көзөмөл

астында болушу керек.

Утилизациялоо

• Таңгактоо материалдарын жок кылуу: таңгактоо

материалдарын кайталап пайдалануу максатында

жергиликтүү нормативдерди сактаңыз.

• Электрондук жана электр приборлорду утилизациялоого

тиешелүү 2012/19/eU - WEEE Европа Директивасына ылайык,

электр приборлорду кадимки шаар таштандысы менен чогуу

ыргытылбашы керек. Иштебей калган приборлор аларды

утилизациялоону жана алардын курамдык материалдарынын

рекуперациясын оптималдаштыруу үчүн, ошондой эле курчап

турган чөйрөнүн жана ден соолуктун коопсуздугу үчүн өзүнчө

топтолушу керек. Бардык приборлордо боло турган “чийилген

таштанды челегинин” символу аларды өзүнчө утилизациялоо

жөнүндө эскерткич катары кызмат кылат.

Тиричилик электр приборлорун туура утилизациялоо жөнүдө

кеңири маалымат алуу үчүн пайдалануучулар атайын

мамлекеттик уюмга же дүкөнгө кайрыла алышат.

Сактоо жана ташуу шарттары

• Таңгакталган кир жуугуч машинаны табигый желдетүүсү бар

жабык жайларда 80%дан көп эмес салыштырмалуу нымдуулукта

сактоо керек. Эгерде машина узак убакыт пайдаланылбаса жана

жылытылбаган жайда сактала турган болсо, машинаны суудан

толук өчүрүү керек. Машинаны ташуу алдында кир жуугуч

машинанын багынын бузулушуна жол бербөө үчүн, тыгыны

менен транспорттук бурамаларды орнотуу керек.

Машинаны жабык машинанын бардык түрү менен, аны бекем

бекитип жумушчу абалында (вертикалдуу) ташуу керек.

Кир жуугуч машинаны жүктөө-түшүрүү иштеринде урунууга

кабылтууга ТЫЮУ САЛЫНАТ.

Advertising