Орнотуу – Инструкция по эксплуатации Hotpoint Ariston VMF 702 B

Страница 38

Advertising
background image

38

KGZ

Орнотуу

! Бул колдонмону сактап коюңуз. Ал жабдууну сатуу,

берүү же жаңы батирге көчүү учурунда, жабдуунун

жаңы ээси анын иштөөсүнүн жана тейлөөнүн

эрежелери менен тааныша алуусу үчүн, кир жуугуч

машина менен бирге комплектте болушу керек.
! Колдонмону жакшылап окуңуз: анда кир жуугуч

машинаны орнотуу жана коопсуз пайдалануу боюнча

маанилүү маалыматтар камтылган.

Таңгагын чечүү жана тегиздөө

Таңгагын чечүү
1. Кир жуугуч машинанын таңгагын чечиңиз.
2. Жабдуу ташуу убагында бузулбаганын текшериңиз.

Бузулууларды аныктаганда – машинаны иштетпеңиз –

дароо жеткирүүчү менен байланышыңыз.

3. Машинаны ташуу

жана керүү процессинде

коргоочу, машинанын

арткы бөлүгүндө

жайгашкан 4 бураманы

чыгарыңыз (схеманы

кара.).

4. Тешиктерди сунушталуучу пластик тыгын менен

жабыңыз.
5. Бардык деталдарын сактаңыз: алар кир жуугуч

машинаны киийнки жолу ташууда Сизге керек болот.
! Балдардын таңгактоо материалдары менен ойноосуна

жол бербеңиз.
! Таңгак жана анын айрым элементтери тамак менен

байланыштыруу үчүн арналган эмес.

Тегиздөө
1. Кир жуугуч машинаны тегиз жана бекем полго ал дубалга,

эмерекке жана башка предметтерге тийбегендей орнотуңуз.

2. Машинаны орунга ор-

ноткондон кийин алдыңкы

буттарын айлантуу аркы-

луу анын туруктуу абалын

жөндөңүз (сүрөттү кара.).

Бул үчүн алгач контргайка-

ны бошотуңуз, жөнгө салу-

уну аяктагандан кийин кон-

тргайканы бураңыз.
Машинаны орунга орноткон-

дон кийин деңгээл боюнча

корпустун жогорку капкагы-

нын горизонталдуулугун текшериңиз, горизонталдын жан-

таюусу 2° көп болбошу керек.

Жабдууну туура тегиздөө машина иштеп жаткан убакта-

гы чурулдоодон, вибрациядан жана жылуудан алыс болуу-

га жардам берет.
Эгерде кир жуугуч машина килем төшөлгөн полдо турса,

анын негизи килемден жогору турганын текшериңиз. Болбо-

со желдетүү кыйындайт же таптакыр мүмкүн болбой калат.

Суу түтүк жана электр тармагына

туташтыруу

Суу куюучу ийкем түтүгүн туташтыруу

Суу куюучу ийкем

түтүгүн туташтыруу

1. А төшөмүн суу

куюучу ийкем

түтүгүнүн учуна коюңуз

жана аны 3/4 дюйм

сай тешиги менен

муздак суу түтүгүнүн

чыгуусуна бурап

бекитиңиз (сүрөттү

кара.).

Туташтыруу алдында

суу түтүк кранын ачыңыз жана кир сууну

агызыңыз.

2. Суу куюучу ийкем

түтүгүн кир жуугуч

машинанын оң

жагындагы арткы

жогорку бөлүгүндө

жайгашкан суу

кабылдагычка бурап,

кир жуугуч машинага

туташтырыңыз (сүрөттү

кара.).

3. Ийкем түтүк оролуп калбаганын жана

кысылбаганын текшериңиз.

! Суунун басымы Техникалык мүнөздөмөлөрдүн

таблицасында көрсөтүлгөн маанилердин чегинде

болушу керек (39-бетти кара).

! Эгерде суу түтүк ийкем түтүгүнүн узундугу

жетишсиз болсо, Авторлоштурулган тейлөө

борборуна кайрылыңыз.

! Эч качан пайдалануудан чыккан ийкем түтүктү

пайдаланбаңыз.

A

Advertising