Жуугуч заттар жана кирдин түрлөрү – Инструкция по эксплуатации Hotpoint Ariston VMF 702 B

Страница 44

Advertising
background image

44

KGZ

Жуугуч заттар жана кирдин

түрлөрү

Жуугуч заттар үчүн чөнөкчө

Кир жуунун жакшы жыйынтыгы жуугуч заттарды туура

дозалоодон дагы көз каранды болот: ашыкча жуугуч заттар

натыйжалуу жууну кепилдебейт, тескерисинче, кир жуугуч

машинанын ичинде кеберлердин пайда болушун жана курчап

турган чөйрөнүн булганышын шарттайт.
! Колго жууганга арналган жуугуч каражаттарды

пайдаланбаңыз, анткени алар өтө көп көбүк чыгарат.

Чөнөкчөнү чыгарыңыз

жана ага жуугуч каражатты

ж е к о ш у л м а л а р д ы

төмөндөгүдөй тартипте

салыңыз.

1-бөлүк: алдын ала жуу үчүн жуугуч каражат (порошок)

Кир жуучу порошокту салуу алдында агартуу үчүн 4-бөлүк

анда орнотулбаганын текшериңиз.
2-бөлүк: кир жуу үчүн жуугуч каражат (порошок же суюк)

Суюк жуугуч затты пайдаланган учурда туура дозалоо үчүн

А дозаторун пайдалануу сунушталат. Кир жуучу порошокту

пайдалануу үчүн дозаторду В бөлүгүнө салыңыз.
3- бөлүк: кошулмалар (чайкагыч ж.б.)

Чайкагычты бөлүктүн торунан жогору куйбаңыз.
Кошумча 4-бөлүк: агарткыч.

Кирди даярдоо

• Кирди төмөндөгү белгилери боюнча бөлүңүз:

- кездеменин түрү / этикеткадагы белги.

- түс: түстүү кирди ак кирден бөлүңүз.

• Чөнтөктөн бардык предметтерди чыгарыңыз жана топчуну

текшериңиз.

• Кургак кирдин салмагын көрсөтүүчү, “Программалардын

таблицасында” көрсөтүлгөн мааниден ашырбаңыз.
Кир канча салмакта болот?

1 шейшеп 400-500 гр.

1 жаздык тыш 150-200 гр.

1 дастаркон 400-500 гр.

1 халат 900-1200 гр.

1 сүлгү150-250 гр.

Атайын программалар

ТАК КЕТИРҮҮ: абдан кир кийимди жуу үчүн

1-программа. Программа стандарттуудан жогору кир жуу

деңгээлин камсыздайт (А деңгээли). Ар кандай түстөгү

кийимди жууганда бул программаны пайдаланбаңыз. Кир

жуучу порошокту пайдалануу сунушталат. Сиңип калган

тактар үчүн аларды атайын кошулмалары менен тазалоо

сунушталат.

АЧЫК ТҮСТҮҮ КЕЗДЕМЕЛЕР: ак кийимди жуу

үчүн бул 2-программаны пайдаланыңыз. Программа

жуугандан кийин ак кийимдин түсүн сактоого эсептелген.

Жыйнытыктарды оптималдаштыруу үчүн кир жуучу

порошокту пайдалануу сунушталат.

АНТИ-АЛЛЕРГИЯ: чаңча, котур кенеси, итин же

мышыктын жүнү сыяктуу негизги аллергендерди кетирүү

үчүн 7-программаны пайдаланыңыз.

БАЛДАР КИЙИМИ: сезгич балдардын терисинин

аллергиясынан алыс болуу үчүн кездемеден

жуугуч каражаттарды кетирүүнү кепилдеп, балдар

кийимдеринин мүнөздүү кирлерин кетирүү үчүн

атайын 8-программаны пайдаланыңыз. Бул цикл көп

өлчөмдө сууну пайдалануунун жана жуугуч заттын

атайын дезинфекциялоочу кошулмаларынын таасирин

оптималдаштыруунун аркасында микробиологиялык урук

себүүнү кыскартууга эсептелген.

ЖҮН - Woolmark Apparel Care - Green: Бул кир

жуугуч машинанын “Жүн” кир жуу циклы кир жуу

буюмдун этикеткасында жана ушул кир жуугуч

машинанын жеткирүүчүсүнүн нускамасында

көрсөтүлгөн нускамаларга ылайык аткарылган

шартта, “кол менен жуу” жиктемесине ээ болгон,

жүн буюмдарды жуу үчүн Woolmark компаниясынын

ырастоосун алган. (М1253).

КЫЛДАТ КИР ЖУУ: Страздары же жалтырактары бар

кылдат кийимди жуу үчүн 10-программаны пайдаланыңыз.

Жибек буюмдарды же парданы жуу үчүн 10-циклды

тандаңыз жана

Деликатная” режиминде

кошумча

функциясын тапшырыңыз.

Жуу алдында кийимди ичинен аңтаруу жана майда

кийимди кылдат кийимди жуу үчүн атайын мүшөккө салуу

сунушталат.

Жыйынтыктарды оптималдаштыруу үчүн кылдат кийим

үчүн суюк жуугуч затты пайдалануу сунушталат.
ЭКО ЖУУ

Эко-программа курчап турган чөйрөгө пайдасы менен

электр энергияны азыраак керектөөгө жана экономикалык

чыгымдарды кыскартууга шарт түзүп, төмөнкү

температурада кир жуунун мыкты жыйынтыктарына

жетүүнү шарттайт.

Эко-программа (ПАХТА 12, СИНТЕТИКА 13 жана

ЫКЧАМ ЖУУ 30” 14) кездемелердин ар кандай түрлөрү

жана өтө кирдебеген кийим үчүн арналган.

Оптималдуу жыйынтыкты кепилдөө үчүн суюк жуугуч

каражатты пайдаланууну сунуштайбыз; жеңди, жаканы

жана такты алдын ала тазалоо керек.

Кирди тең салмактоо тутуму

Ар бир сыгуунун алдында ашыкча вибрациядан алыс

болуу үчүн жана барабанда кирди тегиз бөлүштүрүү

үчүн машина кир жуунун ылдамдыгынан бир аз

жогору ылдамдык менен айлантат. Эгерде бир нече

аракеттен кийин кир туура тең салмактанбаса, машина

каралгандан азыраак ылдамдыкта сыгат. Ашыкча тең

салмаксыздантуу учурунда машина сыгуунун ордуна

кийимди бөлүштүрүүнү аткарат. Кирди бөлүштүрүүнү

оптималдаштыруу жана аны туура тең салмактоо

үчүн майда кийимди чоң кийим менен аралаштыруу

сунушталат.

MAX

1

2

4

3

A

B

Advertising