Инструкция по эксплуатации АТЛАНТ СМА 70С1010 приложение

Страница 37

Advertising
background image

37

ROM

TGK

KYR

Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

жылдыруунун максималдык убактысы 24 саат («24:Н») деп чы-

гат.

баскычын басуу менен, тиешелүү убакытты берүү керек

(көрсөткүчтөрдү өзгөртүү аралыгы 1 саат).

Бул функцияны алып салуу зарылдыгы келип чыккан убак-

та

баскычын басуу менен «0:Н» (кир жуунун башталышы-

на чейин) убактысын берүү керек – баскычтын индикатору өчөт.

1.8 ПРОГРАММАНЫ КҮЙГҮзҮҮ ЖАНА КИР ЖУУНУН БАШ-

ТАЛЫШЫ

1.8.1. Машинанын тандалган программа боюнча иши баш-

талганга чейин

баскычын басуу керек - баскычтын индика-

тору күйүп, үн белгиси чыгып, эшиктердин блокко салуучу туту-

му иштейт да, кир жуу башталат. Убакыттын индикаторунда кир

жуу аяктаганга чейинки убакыттын тескери эсептелиши башта-

лат. кир жуу убактысында аткарылып жаткан операциянын инди-

катору, температуранын индикатору, сыгуунун ылдамдыгы жана

кошумча функциялар (эгер алар тандалса) күйүп турат. Эгерде

«Жууй баштоону артка калтыруу» кошумча функциясы тандал-

ган болсо (

), анда убакыт индикаторунда жууй баштаган ма-

алга чейинки убакытты саноо башталат (убакыттын көрсөткүчү

күйүп-өчөт,

кнопкасынын индикатору — күйүп турат).

1.8.2 Кирди крахмалдоо кир жуугандан кийин сунушталат.

Крахмалдоодо өндүрүүчүнүн сунуштарына ылайык сууга атай-

ын крахмалдоо үчүн каражат эритилет, ал машинага болжол ме-

нен 15 литр суу куюлат деген өлчөмдө алынат. Крахмалдоо үчүн

суюк каражатты колдонуу боюнча нускамага ылайык (6-бөлүм)

машинанын лотогуна куюу керек. Тутканы “Чайкоо” программа-

сына коюп, чыгуу ылдамдыгын тандап,

баскычын басып, про-

грамманы күйгүзүү керек.

КӨңҮЛ БУРУңУзДАР! Крахмалдоо үчүн кийимдер конди-

ционер менен жуулбашы керек.

1.9 МАШИНАНЫН ИШИНДЕГИ ПАУзА

1.9.1 Программаны токтотпостон машинанын иштөөсүн убак-

тылуу токтото туруу зарыл болгон учурда

баскычын басуу

керек – үн белгиси чыгат,

баскычынын индикатору күйүп-өчө

баштайт, убакытты эсептөө жана кир жуу токтотулат, убакыттын

индикаторунда «Р» күйөт.

Эгер бул учурда машинада анча көп эмес суу болсо, эшик-

тин блоктоочу түзүлүшү өчөт жана эшикти ачууга болот. Көп

көлөмдөгү суу бар болгон учурда эшиктин блоктоочу түзүлүшү

өчпөйт жана эшикти ачуу үчүн программаны өчүрүү керек (1.10

караңыз).

Кир жууну улантуу үчүн

баскычын басуу керек. Машина

программаны аткарууну кир жуунун токтотулган операциясынын ба-

шынан улантат, кир жуу бүткөнгө чейинки убакыт көбөйүүсү мүмкүн.

Айрым программаларда көп көлөмдөгү суу менен кир жуу ка-

ралгандыктан, машинанын иштөөсүн убактылуу токтотуу мүмкүн

эмес. Эгер кир жуу аткарылып жаткан учурда эшикти ачуу зарыл

болсо, бул программаны токтотуу керек (1.10 караңыз).

КӨңҮЛ БУРУңУзДАР! Эгер барабандагы суунун көлөмү

эшиктин айнегинен көрүнүп турса, машинанын эшигин ач-

пагыла.

1.10 ПРОГРАММАНЫ АЛЫП САЛУУ

1.10.1 Аткарылып жаткан программаны өчүрүп таштоо үчүн

3 сек ичинде кнопкасын баскан бойдон кармап туруу керек —

убакыт индикаторунда өчүргөнгө чейинки калган убакыт (секун-

даларда) санай башталат (мисалы «3...2...1»), «OFF» жазуу-

су күйүп калат. Андан кийин машина өчүрүлөт жана аткарылып

жаткан программа алынып ташталат. Эшикти ачуу зарыл болгон

шарттарда сууну төгүү керек болот, ал үчүн «Төгүү» программа-

сын тандап алып, аны иштетебиз.

1.11 МАШИНАНЫ ӨЧҮРҮҮ

1.11.1 Кир жуунун акыркы операциясы аяктагандан кийин

убакыт индикаторунда «End» жазуусу пайда болот, машинынан

эшигинин бекитип туруучу түзүлүш өчүрүлөт, үн белгиси чыгат,

кир жуунун операцияларынын индикаторлору жана

кнопка-

сынын индикатору өчөт.

Машина электр түйүнүнөн өчүрүлбөсө, үн сигналы бир

мүнөт аралык менен дагы беш жолу жаңырат, ал эми кир жуулуп

бүткөндөн 15 мүнөттөн кийин индикация өчөт жана машина электр

энергиясын үнөмдөө максатында автоматтык түрдө өчүрүлөт.

1.11.2 Кир жууп бүткөндөн кийин баскычын баскыла — ма-

шина өчөт. Андан кийин кубаттануу зымынын сайгычын сууруп,

суу берүү кранын жапкыла. Эшикти ачып, кирди алгыла.

2 К И Р Ж У У П Р О Г Р А М М А Л А Р Ы

2.1 Машинада жуунун негизги программалары каралган (пах-

та, синтетика, аралаш кездемелер, жүн) жана атайын (Жибек,

кол менен жуу, Өтө тез 15 мин, Балдардын кийими, Көйнөктөр,

Джинсы, Спорт бут кииймдери, Кара кийимдер, Үстүңкү кийим-

дер, Чайкоо, Төгүү, Сыгуу) (1-таблица).

2.2 Атайын программалар жуулуп жаткан буюмдардын

өзгөчөлүктөрүн эске алат.

«Жибек» — жибек буюмдарын, ич кийимдерди, пардаларды

жууй турган программа. Программада каралган аеочу сыгуу ре-

жими кездемени бырышуудан сактайт.

«Кол менен жуу» өтө жука жана назик кездемелерден ти-

гилген буюмдарга арналган, алардын маркировкасында коргоо

боюнча

же

белгиси бар.

Программа кыска аеочу сыгуу режими менен аяктайт.

«Өтө тез 15 мин» тез ичинде анча кир эмес буюмдардын көп

эмес өлчөмүн жууга мүмкүндүк берет, бул убакытты жана электр

энергиясын үнөмдөйт. Программаны колдонуу менен, муздак суу-

да ар кандай кездемелерден кийимдерди жууй берсе болот (жүн

менен жибектен, о.э. кол менен жуулчу буюмдардан башкаларын).

«Балдардын кийими» — балдардын кийимдерин, жалаяк,

шейшеп, кол аарчы, майлыктарды жуу үчүн программа. Програм-

мага кир жуучу каражаттарга кычышмасы бар адамдарга таандык

буюмдарды жууганга сунуш кылынат. Программа аткарылып жат-

кан кезде кайра жуунун жана чайкоонун бийик эффективдүүлүгү

камсыз кылынат.

Программаны тандаган учурда “алдын ала жуу” функциясы

автоматтык түрдө коюлат, аны

баскычын басып, өчүрүп кой-

со болот.

«Көйнөктөр» — ар кайсы кездемелерден жана ар кандай

түстөгү көйнөктөр менен блузкаларды жууганга багышталган.

Программа буюмдарды максималдык коргоону камсыз кылат,

кир жуу учурунда аеочу сыгуу режиминин аркасында кездеме-

нин бырышын азайтат.

«Джинсы» — джинсы кездемелеринен жасалган бюумдар-

ды жуу үчүн программа. Кир жуу процессинде кездеме форма-

сын жоготуудан сакталат, өңү чыгуудан жана өчүүдөн сактайт.

«Кара кийимдер» — өзгөчө камкордукту талап кылбаган

пахта жана синтетика кездемелеринен тигилген кара кийимдер

үчүн программа.

«Үстүңкү кийимдер» — сууну түртүүчү кездемелерден (по-

лиэстер, нейлон) тигилген кийимдерди: курткаларды, ветров-

каларды, плащтарды, спорттук кийимдерди жууганга мүмкүндүк

берген программа. Жуунун алдында жакшыраак натыйжа алуу

үчүн жеңдерин, жакаларын жана так болгон жерлерин алдын ала

тазалоо сунуш кылынат. Программа пуховик-курткаларды жуу-

ганга багышталган эмес.

Кир жуу учурунда кондиционер же кондиционер кошулган кир

жуучу каражатты колдонуу сунуш кылынбайт.

3 МАШИНАНЫН ИШИНДЕГИ ӨзГӨЧӨЛҮК ТӨР

3.1 Машинада (түзүлүшүнө жараша) авариялык режимде эшик-

ти ачуу мүмкүндүгү каралган (электр тогу өчүрүлүп калган болсо).

Эшикти ачуу үчүн филңтрдин капкагын ачуу зарыл (4-сүрөттү

караңыз), тяганы өзүңө тартуу менен бекем кармап туруучудан

(фиксация кылуучудан) алып таштоо керек. Андан кийин тяга-

ны ылдый тартып, ошол маалда эле эшикти ачуу керек. Эшик

ачылгандан кийин тяганы кайрадан бекем кармап туруучуга кий-

гизип коюу зарыл.

тарткыч

4-сүрөт

фиксатор

чыпканын

капкагы

Advertising
Эта инструкция подходит к следующим моделям: