Инструкция по эксплуатации АТЛАНТ СМА 50С82 приложение
Страница 61
61
KYR
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
контргайка
таканчык
АЧЫК
ЖАБЫК
чыпка
гон ташуу үчүн сактап коюу.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Тулкусун ийрейтип албоо үчүн ма-
шинаны бекип турган блоктоочу винттери, резина жана желим
втулкалары менен иштетпегиле.
3.2 МАШИНАНЫ ОРНОТУУ
3.2.1 Машина кургак, түз жана бекем жерге орнотулушу керек.
Тактайдын жумшак катмары (килем, пенополиуретан негизиндеги
кыртыш ж.б.) машинанын титирешине жана вентиляциясынын на-
чардашына шарт түзөт.
Жыгач тактай полго машинаны орнотуунун алдында полго
калыңдыгы 15 мм кем эмес жыгач материалдардан плитаны орнот-
уу керек. Жыгач полдо машинанын бекем орношу үчүн жана иш уба-
гында туруктуулугун жогорулатуу үчүн аны имараттын бурчуна ор-
нотуу сунушталат.
3.2.2 Машинаны 5-сүрөткө ылайык биринчи кезекте алдыңкы
жөнгө салынуучу таянычтарын чыгарып же киргизип, горизанталдуу
деңгээл боюнча гана коюу керек: гайка ачкычы менен таянычтарда-
гы контргайкаларды бошотуу, таянычтардын бийиктигин жөнгө са-
луу, контргайкаларды бекитүү. Машинаны деңгээли боюнча туура
эмес орнотуу же контргайкаларды начар буроо кесепетинде маши-
на иштеп жатканда титирөөнүн жана жогорку ызы-чуунун булагы бо-
луп калышы мүмкүн.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Машинанын максималдык туруктуу-
лугуна жетишүү үчүн таканчыктарды минималдуу буроо керек.
3.3 ЭЛЕКТР ТҮЙҮНҮНӨ ТУТАШТЫРУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Машина жердештирилиши керек.
3.3.1 Шайман электр тармагына жердетилген өзүнчө кош полю-
стуу сайгыч аркылуу туташтырылат жана электр агыны 16 А кем бол-
бошу керек. Сайгычка 1,5 мм
2
кем эмес кесилген жез зымдары же
2,5 мм
2
кем эмес кесилген алюминий зымдары бар үч өткөргүчтүү
кабель туташтырылышы керек. Фазалык өткөргүч, эң жогорку 16 А
электр агынына (иштетүү агыны) эсептелип, иштетүү убакыты 0,1 с
жана отсечка агыны 30 мА болгон электр тармагынын өзүнчө авто-
маттык коргоо түзмөгүнө туташтырылыш керек.
Эгер розеткага көргөзүлгөн кабел тартылып келбесе, же машина-
ны орното турган жерден алынып салган болсо, электр түйүнүн кайра
жасап, розетканы кайра монтаждоо керек. электр түйүнүн кайра жа-
соо боюнча иш квалификациялуу адис тарабынан жүргүзүлүшү зарыл.
Газ, жылуулук, суу түтүктөрү же канализациялык жабдуулардан
өзүнчө жер алдына төшөөгө
ТЫЮУ САЛЫНАТ.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Өндүрүүчү (сатуучу) ден соолукка жана
жеке менчикке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт,
эгер ал туташтырылууга көргөзүлгөн талаптар сакталбаганды-
гы менен байланыштуу болсо.
3.4 СУУ ТҮТҮГҮНӨ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯГА ТУТАШТЫРУУ
3.4.1 Машина 3/4 дюймдуу сайлуу кыска түтүк менен суу берил-
ген кран аркылуу муздак суу түйүнүнө туташтырылат.
3.4.2 Машинаны суу түтүгүнө кошуунун алдында аткарылышы
керек:
— суу кранын ачып, түтүктөн кум жана дат сыяктуу жаман суу-
лардын агып кетиши үчүн сууну агызыш керек;
— 6 же 7-сүрөткө ылайык, куюучу түтүктөгү чыпканын тазалы-
гын текшерүү керек;
— эгер куюучу түтүктө 7-сүрөткө ылайык, коргоочу тутуму бар
болсо, анда түтүктүн атайын айнегиндеги түскө көңүл буруу керек.
Айнектин сары түсү түтүктүн иштээрин билдирет;
— куюучу түтүктү 6 же 7-сүрөткө ылайык суу берүү кранынын сай-
луу кыска түтүгүнө туташтырып, гайканы кол менен катуу буроо керек.
3.4.3 Кир жуу учурунда суу берүү краны 9-сүрөткө ылайык толук
ачылып турушу керек.
3.4.4 Машинадан сууну төккөн түтүк 10-сүрөткө ылайык, полдун
деңгээлинен 60 же 90 сантиметр бийик турушу керек. Бул талап ат-
карылбаган учурда машина иштебейт.
3.4.5 Сууну түздөн түз канализацияга төгүү үчүн машинанын
түтүгү агып кетиш үчүн жарымынан өйдө жагына, ички диаметри 40
мм кем эмес канализация түтүгүнө орнотулат, төгүлгөн суу кайра ма-
шинага сорулушунан качуу үчүн ушундай кылынат.
Төгүүчү түтүк 11-сүрөткө ылайык, түздөн түз сифонго туташты-
рылышы керек.
3.4.6 Сууну ваннага же мойкага төккөн учурда, түтүктү 12-сүрөткө
ылайык бүгүлгөн жеринен атайын кронштейн менен бекитүү керек,
ал машинанын жеткирүү жыйнагына кирет. Түтүк сууга чөкпөй туру-
шу керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Суу куюучу жана төгүүчү түтүктөр суу
түтүгүнө жана канализацияга кошулгандан кийин бүгүлбөшү же
кысылбашы керек.
3.4.7 Машинаны суу түтүгүнө жана канализацияга туташтырган-
дан кийин түтүктөрдүн туташуу герметикасын текшерүү керек – ту-
ташкан жерлер кургак болушу керек.
4 Б И Р И Н Ч И К Ү Й Г Ү З Ү Ү
4.1 БИРИНЧИ КИР ЖУУ
4.1.1 Ар бир машина өндүрүүчүдөн сынактан өтөт, ошондуктан
машинада суунун көп эмес өлчөмү болушу мүмкүн. Машинаны ичи-
нен тазалоо үчүн жана сыноодон калгандан кийинки сууну жоготуу
үчүн, биринчи жууну кир салбай аткаруу керек.
4.1.2 Биринчи кир жууну “ПАХТА” программасына жана 90
0
С тем-
пературасына коюп, аткаруу керек (тиркемени караңыз).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Биринчи кир жууда 2-лоток бөлүмүндө
кир жуучу каражаттын өндүрүүчүсүнүн сунуштарын эске алып,
14,15-сүрөттөргө ылайык кирди максималдык жүктөө учурунда
кир жуучу каражаттын жарымын салуу керек.
4.2 КИР ЖУУНУН АЛДЫНДАГЫ ЖАЛПЫ СУНУШТАР
8-сүрөт
9-сүрөт
10-сүрөт
11-сүрөт
12-сүрөт
5-сүрөт
6-сүрөт
7-сүрөт
- СМА 50С82 СМА 45У102 СМА 50С102 СМА 45У82 СМА 50С81 СМА 35М82 СМА 45У81 СМА 50С101 СМА 35М102 СМА 35М101 СМА 35М81 СМА 60С107 СМА 60С87 СМА 50У87 СМА 50У107 СМА 60С82 СМА 50У102 СМА 50У82 СМА 60С102 СМА 50У86 СМА 50У106 СМА 60С86 СМА 60С106 СМА 60С108 СМА 60С88 СМА 50У88 СМА 50У108 СМА 70С87 СМА 70С107 СМА 60У87 СМА 60У107 СМА 60У86 СМА 70С86 СМА 70С106 СМА 60У106 СМА 70С108 СМА 70С88 СМА 60У108 СМА 60У88 СМА 70С1010 СМА 70С810 СМА 60С810 СМА 60С1010 СМА 70С1010-02 СМА 70С1010-01 СМА 60У810 СМА 50У810 СМА 60У1010 СМА 50У1010 СМА 50У89 СМА 60У1210 СМА 60У89 СМА 70С89 СМА 50У109 СМА 60У109 СМА 70С109