Rom tgk kyr – Инструкция по эксплуатации АТЛАНТ СМА 70С87 приложение

Страница 36

Advertising
background image

36

ROm

tGK

KYR

Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

1.2 жАрык индикАторлору

1.2.1 Машинанын иштөөсүн индикацилоо зонасында, 3-сүрөттө

көрсөтүлгөндөй, убакыт, жуу операцияларынын жана кошумча функция

тандоо кнопкаларынын жарык индикаторлору күйөт.

1.2.2 Убакыт индикатору жуу убактын жана “кийинкиге калтырылган

старт”

функциясы тандалган учурда, жуу башталганга чейин калган

убакытты көрсөтөт.

1.2.3 жуу операция индикаторлору:

кийинкиге калтырылган старт

;

баштапкы жуу

;

жибитүү

;

негизги жуу

;

чайкоо

;

бакта суусу менен токтотуу

;

сыгуу жана сууну чыгаруу

.

1.2.4 Ар бир кошумча функцияны тандоо кнопкасынын жана

кнопкасынын өзүнүн индикатору бар. Температураны жана сыгуу ыл-

дамдыгын тандоо кнопкаларынын сан маанилери менен бир нече ин-

дикаторлору бар.

1.3 кошумЧА функциялАр

1.3.1 Кошумча функцияларды иштетүү мүмкүнчүлүгү жуу программа-

сына карата болот (1-таблицаны көр). Керектүү функция тиешелүү кноп-

каны басуу аркылуу иштетилет.

1.3.2 кийинкиге калтырылган старт кир жуунун башталышын 1

сааттан 24 саатка чейин белгилүү бир убакытка жылдырууга мүмкүнчүлүк

берет. Бул функцияны тандаганда, убакытты бир сааттык интервал ме-

нен өзгөртсө болот.

1.3.3 Баштапкы жуу

өтө кир пахта кездемеси үчүн каралган.

Бул функция тандалганда, кездеме, жуучу заттар аралашкан, тем-

пературасы 30

0

С сууда жуулат. Бул негизги жууга киришкенде кирдин

жакшы жуулушуна жардам берет.

1.3.4 жибитүү

өтө кир пахта кездемеси үчүн каралган. Кезде-

ме, жуучу заттар аралашкан сууда, 2 саат бою жибитилип (кез-кези менен

оодарылат), тандалган программа боюнча жуулат. Бул функцияны тан-

доодо баштапкы жуу функциясы

да иштетилет – ошого тиешелүү

эки индикатор күйөт. Жибитүү баштапкы жуудан кийин жибитүү индика-

тору өчүп-күйүп баштаганда аткарылат.

Жибитүү мөөнөтүн кыскартуу үчүн,

кнопкасын кайра басыш ке-

рек – функция өчүп, машина тандалган программа менен иштеп баштайт.

1.3.5 кошумча чайкоо

жаш балдардын кийимдерин, жуучу зат-

тарга аллергиясы бар адмдардын кийимдерин, же жуучу заттарды таза

чайкай албаган, өтө жумшак сууда жуу үчүн каралган.

Бул функцияны тандоодо программага дагы бир чайкоо кошулат.

1.3.6 Бакта суусу бар кезде токтотуу

жука кездемелерден

жасалган буюмдардын кир жуу учурунда бырышуусун азайтуу үчүн кол-

донулат.

Бул функцияны тандалганда, сууну төгүү жана сыгуу аткарылбайт.

Жууп бүткөндөн кийин сууну төгүү керек: бураманы белгисине коюп,

«СУУНУ ТӨГҮҮ» программасын тандап аткарыңыз.

1.3.7 жеңил үтүктөө

кездемелердин кир жуу жана сыгуу учу-

рунда бырышуусун азайтуу жана кийинки үтүктөөнү жеңилдеттүү үчүн

колдонулат. Бул функция кир жуунун кылдат режимин колдонуп, этият-

тык менен сыгып, буюмдарда бырыштын көп болбошуна көмөктөшөт.

1.4 мАшинАны иштетҮҮ жАнА ПрогрАммА тАндоо

1.4.1 Машинаныиштетүү үчүн, 2-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, бураманы

керектүү программага тууралап коюңуз. Машинанын иштөөсүн индика-

циялоо зонасында: жуу убактысынын, тандалган програманын жуу опе-

рацияларынын, жуунун температурасынын жана сыгуу ылдамдыгынын

индикаторлору күйөт.

Программа тандаганда, 1-таблицада көрсөтүлгөндөй, жуунун негиз-

ги параметрлери автоматтык түрдө тандалат (сыгуу ылдамдыгы, суу тем-

пературасы, убакыт ж.б.).

1.4.2 Убакыт индикаторунда көрсөтүлгөн жуу мөөнөтүнүн узуакты-

гы лабароториялык шарттарда текшерилген. Ал көрсөткүч машинанын

иштөө учурунда температурага, суу түтүктөрүндөгү бысымга, жүктөлгөн

кир буюмдардын массасына, кездемелердин түрлөрүнө, токтун күчүнүн

өзгөрүүсүнө карап (жогорулашы же азайышы ж.б.) өзгөрүшү мүмкүн.

ЭСкертҮҮ! дисплейдеги жуу убактысы менен чындыгында жуу

бүткөн убакыт айырмаланышы мүмкүн.

1.4.3 Программа жуу башталганга чейин гана тандалат. Машина иш-

теп жаткан учурда (машинаны өчүрбөй туруп) бураманы башка програм-

манын бөлүгүнө койсо, мурда тандалган программа өзгөрбөйт.

1.4.4 Программа тандагандан кийин, жуунун параметрлерин өзгөртсө

жана кошумча функцияларды тандаса болот (1.5 – 1.7 караңыз).

1.5 темПерАтурАны тАндоо

1.5.1 14-сүрөттө көрсөтүлгөндөй,

кнопкасын басып, кир жуу

температурасын, программада көрсөтүлгөн көрсөткүчтөн төмөндөтсө

болот. Кнопка басылганда, эң жогоркудан 20

0

С чейин белгиленген сан

көрсөткүчтөрү бар индикаторлор кезеги менен күйүп, кайталана берет.

Суу температурасын тандоодо жуу мөөнөту да өзгөрүп турат.

Машинада берилген суу температурасынын көрсөткүчтөрү: 20

0

С,

30

0

С, 40

0

С, 60

0

С, 90

0

С.

1.6 Сыгуу ылдАмдыгын тАндоо

1.6.1 3-сүрөттө көрсөтүлгөндөй,

кнопкасын басып жуу програм-

масында каралган сыгуу ылдамдыгын азайтса болот. Кнопка басылган-

да, эң жогоркудан

чейин белгиленген сан көрсөткүчтөрү бар инди-

каторлор кезеги менен күйүп, кайталана берет.

Берилген сыгуу ылдамдык көрсөткүчтөрү – эң жогоркудан (машина-

нын моделине карай) эң азга чейин –

(сыгуу өчүрүлгөн).

ЭСкертҮҮ! Сыгуу ылдамдыгы негизги жуу опрерацияларынын

ортосунда өзгөртүрүлбөйт жана тандалган программага карай болот.

ЭСкертҮҮ! Эгерде жүктөлгөн буюмдар айлампа ичинде бир-

дей бөлүштүрүлбөй калса, сыгуу ылдамдыгы азаят же сыгуу

жүргүзүлбөйт.

1.7 кошумЧА функциялАрды тАндоо

1.7.1 3-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, кошумча программаны тандоо үчүн,

ага тиешелүү кнопка басылат – дал келүүчү индикатор күйөт. Кайра ба-

сканда функция токтоп, индикатор өчөт.

Кошумча функциялар жуу башталганга чейин гана тандалат. Машина

иштеп жаткан учурда кнопкалар басылса, үч жолу сигнал берилет – ко-

шумча функция ишке кирбейт.

ЭСкертҮҮ! Эгер программага туура келбеген функция тандал-

са, функция ишке кирбейт (үч жолу сигнал берилет).

1.7.2 кийинкиге калтырылган старттын убактын көрсөтүү

кнопкасын басыңыз – кнопканын индикатору күйөт жана убакыт

индикаторунда эң чоң мөөнөт көрсөтүлөт – 24 саат («24:Н»).

кноп-

касын басып, керектүү убакытка коюңуз.

Бул функцияны өчүрүү керек болсо,

кнопкасын басып, «0:Н» де-

ген убакытты көрсөтүш керек (жуу башталганга чейин) – кнопканын ин-

дикатору өчөт.

1.8 доБуш СигнАлиЗАцияСын иштетҮҮ/өЧҮрҮҮ

1.8.1Машинанын добуш сигнализациясы бар. Добуш сигналы ма-

шинанын иштеп баштаганын же бүткөнүн коштойт жана туура келбеген

функцияларды бергенде, машина берилген программа боюнча иштеп

турган кезде кокустан кнопкалар басылып калса жаңырат.

жана

кнопкаларын бирге 3 секунда басып турса, машина-

нын добуш сигналдары өчөт (дисплейде «Sn-0» белгиси пайда болот). Би-

рок, машинанын бузулгандыгы жөнүндө маалымдаган сигналдар өчпөйт.

жана

кнопкаларын кайра басканда, добуш сигнализациясы иш-

теп калат (дисплейде «Sn-1» белгиси пайда болот).

1.9 ПрогрАммАны иштетҮҮ жАнА кир жуунун БАштАлышы

1.9.1 Машина, тандалган жуу программасы боюнча иштеш үчүн,

кнопкасын басыш керек – кнопканын индикатору күйөт, добуш сиг-

нал жаңырат, эшиктин бекитүү механизми иштеп, кир жуулуп баштайт.

Убакыт индикатору жуунун бүтүшүнө канча убакыт калганын тескери

эсептеп көрсөтүп турат. Кир жуулуп жатканда, аткарылып жаткан жуу

операциясынын индикатору, температура, сыгуу ылдамдыгы жана кошум-

ча функциялардын индикаторлору да күйүп турат (эгер алар тандалган

болсо). Эгерде, “кийинкиге калтырылган старт” (

) кошумча функциясы

басылган болсо, анда кир жуу башталганча калган убакытты артка саноо

башталат (убакыттын көрсөткүчү жана

кнопкасы өчүп-күйүп турат).

1.9.2 Жуудан кийин буюмдарды крахмалдоо үчүн, атайын крахмал-

доочу затты, ал затты чыгаргандардын сунуштарына карай, болжол ме-

нен 15 литр көлөмдөгү сууга ылайык эсептеп кошуу керек. Ноону ачып,

2-бөлүмүнө затты куюп, ноону жаап коюңуз. Бураманы “ЧАЙКОО” про-

граммасына тууралап, керек болсо, сыгуу ылдамдыгын тандап,

кноп-

касын басып программаны иштетиңиз.

ЭСкертҮҮ! крахмалдануучу буюмдар кондиционер менен жу-

улбаган болушу керек.

1.10 мАшинАны уБАктылуу токтотуу

1.10.1 Программаны жокко чыгарбай машинаны убактылуу токтотуу

үчүн,

кнопкасын 2 секунда басып туруңуз – добуш сигнал жаңырат,

кнопкасынын индикатору өчүп-күйүп турат, убакытты эсептөө жана

жуу токтойт. Орто эсеп менен 2 минутадан кийин эшиктин бекитүү

механизми өчөт да, эшикти

кнопкасы менен же кол менен ачса

болот (

кнопкасы жок машиналарда).

Advertising
Эта инструкция подходит к следующим моделям: